Университет жөнүндө
Иммануил Кант атындагы Балтика федералдык университети — Россиянын эң батыш аймагынын, Калининград облусунун эң ири билим берүү, илимий, маданий, агартуу борбору. ЖОЖ Түндүк-Батыш федералдык округунда билим берүү жана илим жаатында лидерлик позицияны кармап турат жана Россиянын 10 федералдык университеттеринин бири болуп саналат. И. Кант атындагы БФУ 1947-жылы негизделген жана ошондон бери Калининград облусу менен бирге өсүп жана өнүгүп келет. Бүгүнкү күндө И. Кант атындагы БФУда 12 000ден ашуун студент билим алат, алардын 1400дөн ашууну дүйнөнүн 49 өлкөсүнөн келген чет элдик студенттер. И. Кант атындагы БФУ 100дөн ашуун билим берүү программаларын сунуштайт.