Университет жөнүндө
Алтай мамлекеттик университети — Россиянын алдыңкы университеттеринин бири, негизинен Борбордук Азия мамлекеттери менен эл аралык өз ара аракеттенүүгө багытталган. Университет QS глобалдык рейтингинин топ-1000гө кирет, ШКУ тармактык университетинин жана Азия университеттеринин ассоциациясынын катышуучусу болуп саналат. Университетте эки миңден ашуун чет элдик студенттер билим алышат, чет элдик университеттер менен 23 тармактык эл аралык билим берүү программалары ийгиликтүү ишке ашырылууда. Алтай мамлекеттик университетинде окуудан тышкары ишмердүүлүк багыты абдан өнүккөн. Студенттер спорт менен алектенишет, театр, бий, вокал жана медиа-секцияларга барышат, баарлашып, тажрыйба алмашышат.