Университет жөнүндө
Томск мамлекеттик университети (ТМУ) 1878-жылдын 28-майында негизделген. Бул Орус Азиясынын аймагындагы биринчи орус университети, үч ондогон улуттук изилдөө университеттеринин бири. Томск мамлекеттик университети 22 факультетти жана окуу институтун, болжол менен 150 кафедраны камтыйт. Адистерди көп деңгээлдүү даярдоо, дисциплиналар аралык программалар, ачык лекциялар, жеке окутуу пландары, 120дан ашуун багыттар жана адистиктер, ошондой эле 240тан ашуун профилдер – мунун баары биздин университет. Факультеттерде жана илимий-изилдөө борборлорунда 600 профессор, илимдин доктору жана 1300 илимдин кандидаты иштешет. Томск университети чоң окуу-илимий комплекс, алдыңкы классикалык изилдөө тибиндеги университет, таанылган борбор болуп саналат.